USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Иса Өмүркулов Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушка кол койду

17:38, 12 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушка кол койду. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын кол коюлган сунушту тийиштүү комитеттер карап чыгат.

«Экс-президенттин кол тийбестигин алууну ишке ашырууга бир айдай убакыт кетет», — деди ал.

Айрым маалыматтарга караганда, 60 депутат сунушка макулдугун билдирди. Жогорку Кеңештин эки комитети сунушту карап чыгышы шарт. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, алардын чечими Башкы прокуратуранын бүтүмү менен бирге палатага жөнөтүлөт.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика