КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге 1-даражадагы «Манас» ордени тапшырылды. Тапшыруу аземи Кытай менен Кыргызстандын башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин орун алды.
«Сиз эки тараптуу стратегиялык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чон салым коштуңуз. Кыргызстанды колдогонуңуз үчүн ракмат», -деди Сооронбай Жээнбеков.
Кытайдын төрагасы сыйлыкты жогору баалай турганын айтты.
«Президент мага 1-даражадагы «Манас» орденин ыйгарды. Бул кыргыз элинин кытай элине болгон сый-урматын билдирет. Мындан ары эки тараптуу өнүгүүгө дагы көп күч жумшайм», -деди Си Цзиньпин.