00:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мэрия: Күлгүн баннер менен жабылган үйдүн кожоюну сырттын оңдоодон баш тартууда

Бишкектин чок ортосунда күлгүн баннер менен жабылган үйдүн кожоюну сырттын оңдоодон баш тартууда. Бул тууралуу ордо калаанын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, «Бишкек парк» соода борборунун майдайындагы үч кабаттуу үй жеке менчик имарат.

«Турак жай жеке менчик. Жеке менчик кол тийгис. Бизге өтө көп кайрылуулар болуп келген. Бирок, ага карабай, сырттын оңдобой келет. Айла кеткенден жаба туралы дедик», — дейт Балбак Түлөбаев.

Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата шаарды даярдыктан өткөрүүдө мэрия борбордогу сырткы шыбагы көчүп түшкөн үч кабаттуу үйдү күлгүн түстөгү баннер менен жаап койду.

Эң көп окулган жаңылыктар