Эртең Ош шаарында жана облустун айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 8.00-17.00 — Савай, Сары-Колот, Мады, Кыдырша, Кыргызчек, Хасанчек, Кахраман, Тоолос, Он-Эки-Бел, Медресе, Меркит, Караван, Өткөрмөбаза, Герейт-Шорон, Өрнөк, Живпром, Ийри-Суу, Чангет, Жыланды, Төрт-Көл, Заргер, Жазы, Саламалик, Акжар, Мырза-Аки, Ылай-Талаа, Кашка-Жол, Кеңеш, Кара-Гүз, Сары-Булак, Чалма, Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар айылдарында
- Ош шаары (Королев, Муса Жалил, Өзгөн, Пахта-Көчө, Чкалов, Волгоградская, Муминов, Бабур, Беш-Капа көчөлөрү, «Калинин» жаңы конушу).