05:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Азиз Батукаевдин иши. Мурунку министр Динара Сагинбаева ишке чыкты

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна күнөөлөнүп жаткан мурунку Саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева ишке чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Динара Сагинбаева Улуттук госпиталды жетектөөнү улантууда.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган маалыматты тастыктады. Билдирүүгө ылайык, Динара Сагинбаева ишке 8-июнда чыккан.

«Сот үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Динара Сагинбаева үйүндө саат 22:00дөн 6:00гө чейин болушу шарт. Калган убакта шаар ичинде жүрүүгө уруксаат. Тергөө органдары аны кызматтан четтетүү тууралуу буйрук берген жок», -деп билдиришти министрликтен. 

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума