07:39
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Алматыда «автожүрүшкө» чыккан 100гө жакын адам кармалды

Алматыда 11-июнга караган түнү автоунаалар менен жүрүшкө чыккан жүзгө жакын адам кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.

Маалыматка караганда, дүйшөмбү кечинде Алматынын Сайран автобекетине жакын жерге төкмө акын Ринат Заитовдун бошотулушун талап кылган адамдар чогулушкан. Акын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккандар менен кошо 10-июнда кармалган. Тарапкерлери нааразылыкка чыккандан кийин Заитов бошотулуп, чогулгандар тарай баштаган. Алар автоунаалар менен шаар борборун көздөй багыт алганда полиция жолун тороп, жүзгө жакын адамды кармаган.

Бул окуяны чагылдырып жүргөн Tengrinews сайтынын кабарчысы Шокан Алхабаев ага полиция кызматкерлери кол салганын билдирди. Анын айтымында, полициячылар аны жерге жаткызып алып сабаган. Кийинчерээк Tengrinews сайты полиция кызматкерлери журналисттин ишине тоскоолдук кылып, анын телефонун тартып алууга аракет кылышканын кабарлады.

Шейшемби эртең менен Алматы шаардык полиция департаменти журналист Алхабаевдин жаракат алгандыгы фактысы боюнча кызматтык текшерүү иштери башталганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар