19:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Шашылыш билдирүү. Тоолорго кар жаайт

12-июнга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып, жаан, мөндүр, ал эми тоолордо жана тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар