Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 9.30-19.00 — Орто-Сай, Ахунбаева/Шүкүрова;
- 9.30-18.00 — «Арча-Бешик» (Кара-Коо, Көк-Дөбө, Он-Арча, Тыналиев, Абдрахманов, Садырбаев);
- 9.00-18.00 — Бөкөмбаев, Раззаков, Чокморов, Орозбеков, «Көлмө» (Жаштык, Мыскал, Достук), «Балбан-Таймаш», Хоперская, Репин, Гагарин;
- 9.00-17.00 — Исанов 24, Айтматов проспектиси, 57.