Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурация аземине катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн Индияга учуп кетти.
Андан ары 31-майда Сауд Арабия королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышат.
Ислам кызматташтык саммитинин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.