22:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Кумтөр» боюнча макулдашуунун шарттарын аткаруу иши 31-июлга чейин узартылды

Centerra Gold компаниясы Кыргызстандын өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча стратегиялык келишимдин болжолдуу шарттарын аткаруу мөөнөтүн узартуу келишими ишке ашырылгандыгын билдирди. Бул тууралуу аталган компаниянын сайты билдирди.

Келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтү ушул жылдын 31-майынан 31-июлга чеийн узартылды.

«Компания өкмөт менен болгон байланышты стратегиялык макулдашуулар күчүнө киргенден баштап калган шарттарды аткаруу үчүн үзбөй улантат», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар