23:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жээнбеков, Лукашенко жана Путин «Назарбаев ордени» менен сыйланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйлады.

Аларга бул орден «Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу жана Казакстан менен алаканы тереңдетүүгө кошкон салымы үчүн» ыйгарылды.

Аны экс-президент Нурсултан Назарбаев өзү тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков жолугушууда Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди орнотуп, бекемдөөгө кошкон жеке салымын белгиледи. Мурдагы президент Нурсултан Назарбаев атындагы орден Казакстандын өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга жана мамлекет башчыларга берилет.

Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы иш сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен да эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Евразиялык Экономикалык Биримдигинин алкагындагы актуалдуу маселелерин талкуулады. Жээнбеков Казакстанга Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 28-29-майда Нур-Султан шаарында өтө турган мааракесине катышуу үчүн барды.

Эң көп окулган жаңылыктар