15:18
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Өлкөдө 3 ай аралыгында 1,7 миң жаңы жумушчу орундары түзүлгөн

Ушул жылдын январынан март айына чейин Кыргызстандын мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында 1,7 миң жаңы жумушчу орундары түзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 517 орунду чакан ишканалар түзгөн. Иш орундардын 19 пайызын билим берүү тармагы, 17 пайызын соода тармагы түзгөн.

«Аймактар боюнча жумушчу орундарын түзүүдө Бишкек жана Ош шаарлары, Баткен жана Талас облустары алдыда турат», -деп билдиришти комитеттен.

Эң көп окулган жаңылыктар