Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 35 метр бийиктиктен унаа кулап, ичиндеги 4 киши каза болду. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дагы 1 жүргүнчү ооруканага жеткирилди.
23-майда Кызыл-Жар айылынын 1991-жылы туулган тургуну «УАЗ» үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдун четине чыгып кеткен. Унаа Тар дарыясына 35 метр бийиктиктен оодарылган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, анын жубайы жана 2 жүргүнчү окуя болгон жерден каза болушкан. Дагы бир жүргүнчү денесинен ар кандай жаракат алып, Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасына жеткирилди.