2019-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын микрокредиттик уюмдары 6 миллиард 215,5 миллион сомдук насыя беришкен. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чакан насыяны 133,8 миң киши алган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 36,4 пайызга өскөн.
«Чакан насыялардын көп бөлүгү Ош облусуна берилген. Андан кийинки орунда Бишкек шаары, Жалал-Абад облусу, Чүй облусу турат», -деп айтылат маалыматта.