08:12
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Мээрим Карыпова: Аял киши үчүн үй-бүлөнүн бүтүндүгү биринчи орунда туруш керек

Дастанчы жана ырчы Мээрим Карыпова элдик санат, терме, дастан ырларга басым жасап, салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдүн катарын толуктап келет. Анын аткаруусундагы «Билбейм сенде эмне бар?», «Бул дүйнө», «Бешик ыры», «Ден соолук» жана «Кара жорго» аттуу ырлары- элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармалар.

Талант ээси учурда ырчылыктан тышкары университеттердин биринде мугалим болуп эмгектенүүдө. Жолдошу экөө 1 уул, бир кызды тарбиялап келет. Ал чыгармачылыгы тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды

— Айрымдардын салттуу музыка менен таанылып, мега-жылдыз боло албайсың дегенине кошуласызбы?

— Мен бул айтылгандарга макул эмесмин. Эстраданын дагы, фольклордун дагы өзүнүн угармандары, күйөрмандары болот. Анын сыңары эгерде жүрөктөн чыккан жакшы чыгарма болсо, аны аткаруучу ойдогудай аткарып койсо, элдин жүрөгүнө жетет деп ойлойм. Фольклор менен деле элге аты таанылып, элдин жүрөгүнөн орун алып, мыкты чыгармачыл өнөрпоз адам болушу мүмкүн. Мега-жылдыз дегенди менин баамымда дүйнөлүк масштабда таанылуу деп түшүнөм.

— Сиздин аткарууңуздагы чыгармалардын дээрлик көпчүлүгү элге тез сиңип, жакшы кабылдашат...

— Эл тараза, эл сынчы. Бардык эле чыгармаларым элге жетпесе керек. Ар бир чыгарманын күйөрманы болот деп жогоруда айткандай, айрымдарга жакса башкасынын көңүлүнө туура келбей калышы ыктымал. Аткарып чыгаардан мурда мен тематикага, ырдын сөзүнө маани берем. Элдик чыгармаларды аткарсам дагы маани-маңызына, тарыхына дагы карап аткарып жүрөм. Заманга жараша жаңы обончулардын ырларын ырдайм. Ага да кылдаттык менен маани берем. Балким ошол себептен күйөрмандарга жагышы мүмкүн.

Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды

— Кайсыл атактуулардын ырларын аткарып жүрөсүз?

— Мен сыйлаган чыгармачыл ага-эжелер өтө көп. Ар бирин баалайм. Өнөр жолунда жүргөндөн кийин көптөгөн эмгек, изденүү талап кылынат, мен дагы изденем. Салттуу чыгармаларды аткаргандан кийин Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун, Абдырашит Бердибаевдин, Абдырахман атабыздын, Барпы Алыкуловдун, Токтогул Сатылгановдун ырлары- жүрөгүмө жакын. Азыркы учурда устатым Роза Аманованын репертуарынан чыгармаларды аткарып жүрөм. 

— Турмушка чыгып, үй-бүлөнүн фундаментин түптөп анан сахнага аттандыңыз, мындан эмне пайда таптым жана эмне жоготтум деп эсептейсиз?

— Эрте турмушка чыгып кеткем. Аял киши үчүн үй-бүлөнүн бүтүндүгү, эне болуу — биринчи орунда болуу керек. Мен үчүн сыймыктуу нерсе деп ойлом. Балдарым чоңоюп кол арага жарап калды. Эч нерсе жоготкон жокмун, жакшы нерсени таптым деп ойлом. Утушум- үй-бүлөм, балдарым. Чыгармачылыктан да артта калып калдым деп айтпайм. Артта калбай, ашып да кетпей элдин катарында жакшы көргөн кесипти аркалап келем. 

Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды

Чыгармачылык кесиптен тышкары мугалимдик кесипти аркалап келе жатканыма 12 жыл болду. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде салттуу музыка жана фольклор кафедрасында эмгектенем. Учурда шакирт таптап, тарбиялап жатам. Алардын айрымдары менен сахналаш болуп калдык, калганы мугалимдик кесипти аркалап кетти.

-Социалдык түйүндөргө катталып, тез-тез кирип турасызбы? Замандын агымынан калышпай үй-бүлөңүздүн, өзүңүздүн сүрөттөрүңүздү киргизип жүктөп турасызбы?

— Замандан артта калбай интернетке байма-бай аралашып турабыз. Акыркы 3-4 жыл аралыгында активдүү болуп калдым, мурун аралашчу эмесмин. Азыр замандын талабы ушундай экен, өзүмдүн чыгармачылыкта болгон жаңылыктарды бөлүшүп турам. Үй-бүлөм тууралуу жаңылыктарды кез-кезде салып коём. Албетте, күйөрмандар дагы үй-бүлө тууралуу уккулары, көргүлөрү келет, алардын шагын сындырбай жаңылыктар менен бөлүшүп турам.

-Тойлорго чакыруу болобу? Мугалимдик кесиптен тышкары тойлордо жар-жар айтасызбы?

— Той-топурга чакыруу болсо ырдайм. Суранса жар-жар, кыз узатуу ырларын аткарам. Колдон келишинче элдин кызматындамын.

— Сахнага чыгаарда ар кандай-ырым жырымдарды жасайсызбы? Негизи эле ырымдарга ишенесизби?

— Кыргыз болгондон кийин, ата-бабабыздан калган салт-санааны, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды колдон келишинче сактайм. Ырымдарды кээде карманам, айрыкча сахнага чыгарда келме келтирип, «элдин алдына жүзүм жарык чыгайын» деп бата тилеп чыгам.

— Чыгармачылыкта тапкан досторуңуз барбы, алар кимдер? Айымдар арасында достукка ишенесизби?

— Достук деген жакшы нерсе, чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештердин баары менен жылуу мамиледемин. «Өтө ысык бат сууйт» дейт, баарына тегиз, бирдей мамиле кылганга аракет кылам. Сыйдан артык эмне бар, тирүүлүктө сыйлашканга не жетсин? Шеринелеш кесиптештерим бар. 

Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Карыпованын жеке архивинен алынды

Кыздардын ортосунда достук албетте бар. Чыгармачылыкта болбосо дагы жакшы санаалаш курбу кыздарым бар. Колума кол, бутума бут болуп колдоп турган досторум бар.

Эң көп окулган жаңылыктар