16:47
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Өзбек арибинин жаңы түрү сунушталды

Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик университетинин алдындагы жумуш тобу жаңыртылган өзбек арибинин акыркы долбоорун жарыялады. Топ латын тилине негизделген жеңилдетилген өзбек алфавитин иштеп чыгууда.

Жаңыланган арипте тилчилер 30 белги калтырууну сунушташууда: 29 тамга жана ажыратуу белгиси үчүн апостроф болот. Натыйжада латынчага негизделген алфавит Өзбекстанда 1993-жылы кабыл алынган алгачкы версиясына кайтып келет.

1995-жылы алфавиттеги диакритикалык белгилердин баары эки тамгалуу белгилер жана тескери апостроф менен алмаштырылган. Азыр бул өзгөртүү жокко чыгарылды. Тилчилер буга чейинки арип суахили жана түрк ариптеринин үлгүсүндө жасалганын, булар өзбек тилинен айырмаланып турарын белгилешүүдө.

Алфавиттин жаңы түрүндө «с» тамгасын кайтаруу сунушталууда, ал кирил арибиндеги «ц» тамгасынын ордун басат. Лингвисттер sh жана сh белгилеринин ордуна ş и ç, «o» жана «g» тамгаларынан ордуна «ó» жана «ǵ» тамгаларын колдонууну сунушташууда.

Эң көп окулган жаңылыктар