08:27
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

ӨКМ: Абанын температурасы төмөндөйт

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

23-майда дагы туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, кээ бир тоолуу райондордо мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар