Ош облусунда LG үлгүсүндөгү телевизорлорду аткезчилик жол менен ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүгө алышкан. Анда 151 даана телевизор табылган. Товар бажы мыйзамдарын бузуу жолу менен алынып келинген.
«Айдоочу товардын тиешелүү документтерин көрсөтө алган жок. Товардын жалпы баасы 3 миллион 242,5 миң сомду түздү», -деп айтылат маалыматта.