20:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Гуля Алманбетованын посту боюнча мэрия кечирим сурады

Бишкек шаарынын мэринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Гуля Алманбетованын социалдык тармактагы талкууланып жаткан посту боюнча мэрия пикирин билдирди. Билдирүүнү мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жазып чыкты.

«Коомго терс сөздөрү үчүн кечирим сурайбыз. Ал Гуля Алманбетованын жеке пикири. Мэрибиз Азиз Суракматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын пикирин билдирбейт. Мыйзам чегинде иш тартиптик жазасын алат. Бишкек шаардык мэриясы коомго терс көрүнүштөрдү, сөздөрдү, кыймыл аракеттерди колдобойт. Сиздердин боорукерлигиңиздерге жана кечиримдүүлүгүңүздөргө ишенүү менен терең урмат сыйыбызды кабыл алыңыздар», -деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин депутат Махабат Мавляновакелиндерди тойго төшү жана далысы ачык, чыпташып турган көйнөктөрдү кийбөөгө чакырган билдирүүсү социалдык тармактарга тараган. Мэрдин кеңешчиси Гүля Алманбетова депутаттын чакыруусу боюнча «иди на*уй» деген пост жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар