15:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аттракциондорду диагностикадан өткөрүүгө аккредитациясы бар атайын уюм жок

Кыргызстанда экстермалдуу аттракциондорду диагностикадан өткөрүүгө аккредитациясы бар атайын уюм жок. Бул тууралуу мэриянын жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлү Медетбек Маметов билдирди.

Анын айтымында, техникалык көзөмөлдү Орусия уруксаат берген документи бар жеке ишкер жүргүзөт.

«Күндүн жылышы менен Бишкектеги эс алуу жайларындагы аттракциондордун коопсуздугун жана аларды пайдалануудагы коопсуздукка байкоо жүргүздүк. Алардын 80 пайызы 30 жылдан бери иштеп жатат. Аттракциондорду пайдалануу тартибинин регламенти, нормативдик-укуктук акт Бишкектин аймагында 2016-жылдан баштап гана иштеп баштаган. Мыйзамга ылайык, актынын күчү буга чейинкилерге тиешелүү эмес», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар