08:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутат гранттык каражаттардын көп бөлүгү консультанттарга жумшалышына нааразы

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 миллион доллар көлөмүндө каражат берүүгө даяр. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Маалыматка ылайык, каражаттын 68,5 миллиону жеӊилдетилген насыя, 9,5 миллион доллары грант түрүндө берилет.

«Насыяны жабуу мөөнөтү — 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү — 8 жыл. Ал эми кыргыз тарап жолдун курулушуна 12 миллион 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө», -деди ал.

Депутаттар Түндүк-Түштүк жолу жакшы долбоор экенин белгилөө менен бирге, кийин насыялык карызды кайтарып берүүдө кыйынчылыктар болор-болбосуна кызыгышты. Каржы министрлигинин өкүлү бул багытта алдын ала атайын талдоолор жүргүзүлгөндүктөн, тынчсызданууга азырынча негиз жок экенин белгиледи. Ал Кыргызстан насыянын үстөк пайызы үчүн 18,1 миллион доллар кошумча каражат төлөй турганын кошумчалады.

Депутат Жанарбек Акаев жол курууга бөлүнгөн гранттык каражаттардын басымдуу бөлүгү консультанттарга жумшалып жатканына нааразылыгын айтты.

Гранттык каражаттын 7 миллион доллары консультанттарга берилет экен. Эмне, ар бир консультант 1 миллион доллардан маяна алабы? Андан көрө, ошол каражатты жолдун курулушуна салбайсыӊарбы?

Жанар Акаев

Министрликтин өкүлү жолдун белгилүү бир участкасында бир консультант же консультанттар тобу эмес, атайын консультанциялык компания иш алып бара турганын, ал консультанциялык кызматын тармак-тармак боюнча жүргүзөрүн, жол курулуп бүткөндөн кийин анын кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин анын сапатына көзөмөл кыларын, Азия өнүктүрүү банкынын шарты ошондой экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу — 433 чакырым. Анын курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума