Бүгүн Кытайдагы түрмөдө көптөн бери отурган эки кыргызстандык жаран Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, камактагы жарандарды Кытайдын Жаза аткаруу кызматы 14-май күнү Үрүмчү шаарында Кыргызстандын жаза аткаруу кызматкерлеринин колуна өткөрүп берген.
Кыргызстандык 2 жарандын Кытайда түрмөгө кантип түшүп калганы айтылган эмес.