16:56
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Өзгөндө жол кырсыгынан айдоочу набыт болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында унаасын башкара албай жол четинде турган тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө болгон.

Өзгөн районунун 62 жаштагы тургуну «Wolksvagen Рassat» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Окуянын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде жан берди.
 
Эң көп окулган жаңылыктар