13:25
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Балыкчы-Корумду жолу качан курулуп бүтөөрү азырынча айтыла элек

Профильдик ведомство Балыкчы-Корумду жолун качан куруп бүтөт азырынча айта албайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Унаа жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин директорунун орун басары Акуналы Досалиев билдирди.

Анын айтымында, жолдорду куруу иштерине 9 миллиард сом керектелет. Бюджеттен болгону 3,6 миллиард сом бөлүнгөн.

«Иштин 50 пайызынан көбү аткарылды. Азырынча качан аяктайт айта албайбыз. Баардыгы каржылоодон көз каранды», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар