16:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкө аймагында «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт

Өлкө аймагында «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кеп Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары тууралуу болуп жатат. Сынакка катышуу — ыктыярдуу түрдө. Байге фонду 6 миллион сомду түзөт. Он шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку балл топтогон 3 шаарга байгелүү орундар (1, 2 жана 3-орун) ыйгарылат», -деп билдиришти аппараттан.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын шарттары жана мөөнөттөрү тууралуу кеңири маалымат жакынкы мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

Эң көп окулган жаңылыктар