08:48
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бишкек мэриясы оңдолгон жолдорду кайра оңдоп чыкмакчы

Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен оңдолгон жолдордун, тротуарлардын, ирригациялык курулмалардын дефектерин кайра калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, курулуш иштери маалында кетирилген кемчиликтерди аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн, алар объекттердин баарын кыдырып, деффектерди аныктап чыгышкан.

«Учурда Толстой, Тыналиев, Токтоналиев көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Кетирген кемчиликтерди куруу иштерин жүргүзгөн компания бекер оңдоп берет», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар