11:33
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу. Субподрядчиктер маянасын ала албай келет

Депутат Дастан Бекешев бүгүн пленардык отурумда Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу тууралуу теманы көтөрүп чыкты. Айтымында, 2015-2016-жылдары тендер өтпөгөнү, трассаны трансулуттук кытай компаниясы жасагандыгы, бирок уюмдун жумушчулары бир жылдан бери акы ала албай келгендиги анык болду.

Дастан Бекешев отурумга Каржы министрлиги менен ТИМдин өкүлдөрүн аталган маселени чечүү үчүн чакырууну суранды. Ал билдиргендей, 30га жакын киши нааразы болушууда.

Буга чейин кытай компаниясынын эсеби субподрядчиктердин алдында болгон карызы үчүн камакка алынганы айтылган. Ошондон бери жумушчулар акысын ала албай, көтөрүлүштөр тез-тезден болуп турат.

Эске салсак, жолдун курулушу 2016-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин демилгеси боюнча башталган. Долбоор толугу менен бюджеттен каржыланмак. Подрядчиктерди тандоодо чыр чыгып, жыйынтыгында Унаа жана жолдор министри Замирбек Айдаров менен өкмөт башчы Темир Сариев ээлеген кызматынан кетишкен.

Кийин маалым болгондой, жолдун курулушуна делген акча бюджетте жок болуп чыккан. «Лонг Хай» ишканасынын кызматкерлери айлык төлөнбөгөндүгү үчүн тынымсыз көтөрүлүш чыгарып келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар