20:14
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Согуш ардагери Токой Садыров СССРдин батыш чегин коргоп, жаракат алган

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токой Садыров 24.kg агенттигине кандуу талаада өткөн күндөрүн эскерип айтып берди. 

Токой Садыровдун жеке архивинен алынды
Фото Токой Садыровдун жеке архивинен алынды

Токой Садыров 1919-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Чоң-Кемин айылында туулган. 1938-жылы мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги курулуш техникумуна тапшырат. Үч айдан кийин аскерге чакыруу алып, Кызыл Армиянын Түркистан аскердик округунун 428-полкунда милдет өтөөгө жөнөп кетет.

Токой Садыров армиядан ары эле Улуу Ата Мекендик согушка аттанат. Ал аткычтар полкунда Орусиянын батыш тарабын душмандын мизинен кайтарууга алган. 1942-жылы февралда Орусиянын Новгород облусундагы Старая Русса шаарында болгон катуу кармашта башынан оор жаракатка кабылат.

«Ошол күн али эсимде, таң эрте фашисттер кол салышты. Биздикилер жан-алы калганча туруштук берип, душмандардын мизин кайтарып жатышкан. Албетте, ар бир эле адамда коркуу сезими жашайт, абдан коркунучтуу болду... Бир убакта снаряддын сыныгы келип тийди», — деп эскерет Токой Садыров.

Тогуз ай бою Казандагы ооруканада дарыланган. Токой Садыровго мээримдүү медайым туш келип, ал жарадар жоокер өзүнө келгенде сүрөткө тартып, Кыргызстанга ата-энесине салып жиберген.

Майыптык алган жоокер согушка эмес, үйүнө кайтарылат.

«Башым ооруп, колдорум сыздатып турса дагы бактылуу элем. Анткени үйгө аман-эсен кайтайын деген тилегим ишке ашты», -дейт ал.

Жалаң жаш бала жана кыз-келиндер калган айылда майып болсо дагы согуш ардагери ишке жарап, эми тылдын түйшүгүн мойнуна алат.

Ал Кеминде трактор айдап иштеп, андан кийин комбайнды өздөштүрөт. 

«Мага жумушум жакчу, алдыңда жайылып жаткан кең талаа. Жанымда көзгө тааныш тоолор, талаалар, ачык асман... Тээ алыста, батышта согуш болуп адамдар өлүп атат дегенге ишенгиң да келбейт», — дейт ал.

Ошентип ардагер Кемин МТСте иштеген комсомолдук иш боюнча саясий бөлүмдүн башчысынын жардамчысы, кийин бухгалтер болуп иштеген. Ал убакта үйлөнүп Ногойбек аттуу уулду болушат. Бирок, көп өтпөй жубайы каза болот.

«Уулум экөөбүз жалгызсырап калдык. Анда мага улуу эжем Гүлжамал жардамга келди, ал 5 жаштагы уулума апа болуп тарбиялады. Мен болсо кийин кошуна айылдын кызы Айшага үйлөндүм». 

Токой Садыровдун жеке архивинен алынды
Фото Токой Садыровдун жеке архивинен алынды

Ардагер балдарын билимдүү кылуу максатын көздөп, 1959-жылы үй-бүлөсү менен Фрунзеге көчүп келишкен. 1959-1973-жылдарга чейин Фрунзе атындагы айылдык унаа чыгаруучу заводдо штамптоочу темир уста болуп эмгектенген. Жумушта көрсөткөн ийгиликтери үчүн ардак грамоталарга ээ болот. Кийин «Эмгек ардагери» наамы ыйгарылган. 1963-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланат. 1973-1990-жылдар аралыгында ШИИБда күзөт бөлүмүндө күзөт бригадири болуп иштеген. 1990-жылдан тарта ардактуу эс алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар