18:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жеңиштин 75 жылдыгы. Өлкөдө 262 согуш ардагери бар

Кыргызстанда 262и согуш ардагери бар. Бул тууралуу Улуу жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылды.

9-майда Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү, Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу пландалууда. Мындан тышкары Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган «Жеңиш оту» марафону жүрөт.

Өкмөт согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин колдоонун кошумча чараларын иштеп чыкмакчы.

Белгилей кетсек, өткөн жумада депутат Дастан Бекешов ар бир ардагерге 75 миң сомдон ыйгарууну сунуштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар