07:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Россиядагы авиакырсыкта мерт болгондордун арасында тажик жараны да бар

Тажикстан жараны Фатхуддин Курбонбекзода «Аэрофлот» авиакомпаниясына таандык «Сухой Супержет» учагындагы кырсыктан каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Орусиянын Тергөө комитети жекшемби күнү кечинде Шереметьево аэропортунда кырсыкка кабылган «Сухой Супержет» учагынында 78 киши баратканын билдирди. Алардын бешөө экипаж мүчөсү. Кырсыктан 41 адам мерт кетти. 

28 жаштагы Фатхуддин Курбонбекзоданын тажик жана орус жарандыгы болгон. Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү маркумдун туугандары менен байланышып жатат. Жакын арада анын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.

Кырсыктан 37 киши аман калды. «Аэрофлот» алардын аты-жөнүн жарыялады. Беш киши ооруканада, алардын ичинен экөөнүн абалы оор. Экипаждын төрт мүчөсү да аман.

5-майда кечки саат алтыда асманга көтөрүлгөн «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Sukhoi Superjet» учагы жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон. Интернетке тараган видео тасмаларда куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан учак аба бекетине токтоп жатканын көрүүгө болот. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунданын ичинде үйлөнгөн трап менен сыйгаланып чыгарылган. Бул өтө тез болгону менен алардын баарын куткарууга мүмкүн болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар