06:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочу Азиз Батукаевдин ишинде дарыгерлердин күнөөсү жок деп эсептейт

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин диагнозун койгон дарыгерди айыптоо боюнча бир дагы тастыктоочу иш жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында кармалган дарыгер Эмил Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштобаева билдирди.

Анын айтымында, Эмил Макимбетовго документтерди жасалгалоо, кызмат ордунан пайдалануу, жемкорлук айыбы тагылууда.

«Эмил Макимбетовдун санитардык авиацияга, анализге эч кандай тийиштиги жок. Ал Азиз Батукаевди караган эмес, ал тургай аны көргөн да эмес. Дарыгер атайын мекемеге алынып келинген анализдин жыйынтыгы менен гана диагноз койгон», -деди ал.

Ал кошумчалагандай, эгерде Эмил Макимбетов өлкөдөн кетип калууну чечсе, 2013-жылы эле чыгып кетмек.

Эң көп окулган жаңылыктар