06:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өлкөдө күйүүчү май кымбаттайт

Кыргызстанда май айында күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга өсөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын нефтедрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери мунайдын баррелине болгон баа 16 долларга жогорулады. Орусиядан келген күйүүчү майдын бир тоннасы 150 долларга кымбаттады.

«Мисалы мурдагы айларда АИ92 460 доллардан берилип жатса, бүгүн 585 доллага көтөрүлдү. Мунай сатуучулар өткөн айда Орусия бааны көтөргөнүнө карабастан мурдагы калдыктардын эсебинен төмөндөтүп келген. Орусия 1-майдан баштап көтөрдү. Биздин запас түгөнүп баратат. Ошондуктан май айынын ичинде баалар 10 пайызга, кээ бир маркалардын баалары 15 пайызга көтөрүлөт», -деп билдирди ал.​

Учурда Бишкектеги май куюуучу жайларда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 40,5 сом турат.

Кыргызстан жыл сайын 1 миллион тонна күйүүчү май керектейт. Ал Орусиядан экспорттук төлөмсүз келет. Буга чейин Казакстан 2019-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанга бензин экспорттой турганы айтылган, бирок маселе чечиле элек.

Эң көп окулган жаңылыктар