07:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз эстрадасында ысымдары окшош жылдыздар

Кыргыз эстрада чөйрөсү атагы алыска кетип, калың журтка аты чыгып калган жылдыздарга бай.  24.kg агенттиги бул ирет ысымдары окшош шоу-бизнес өкүлдөрүн алфавиттик кезек менен тизмектеп чыкты.

Сап башында атагы Алайга, даңкы далайга кеткен Эмгек сиңирген артист Айчүрөк Иманалиева турат. Ал буга чейин чет жерге ар кандай сынактарга катышып гана келбестен, акыркы учурларда өлкөнүн атынан калыстар тобунун мүчөсү катары таанылып жүрөт. Ырчыга ысымы окшош Айчүрөк Султанова «Достор» тобунун солисткасы. Анын аткаруусунда «Түшүмдө», «Ак булуттар» аттуу чыгармалар бар. 

Эмгек сиңирген артист Асел Турдалиева алгач сахнага чыкканда көпчүлүк аны «Жаз жамгыры» аттуу ыры менен тааныган. Учурда ырчы айым окуу жайлардын биринде окутуучулук милдетти аркалап келет. Талант ээсине аты окшош Асел Кадырбекова, Асел Кыдыкова деген ырчылар бар. Асел Кыдыкова турмуш жолуна аттангандан кийин сахнаны жыйыштырып койгон. Ал эми Асел Кадырбекова ырчы мырза Нурлан Насип экөө ушул жылы кырк жылкылуу болушуп, бала багуу менен алек. 

Жаш ырчылардын катарында Айперилер бар, алар Кубик кызы, Кулбаева жана Сыдыкова. Жакында эле Айпери Кубик кызы уулду болуп, бала жытына тойбой турган кези. Айпери Кулбаева «Сүйүү бакыт алып келет», «Картайбачы апаке» жана башка ырлары менен белгилүү. Ал эми Айпери Сыдыкова «Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы катары чыгып жүрөт. 

«18 жаш» деп созолонто ырдаган Венера Сатылганованы көпчүлүк Эмгек сиңирген артист Гүлнур Сатылганованын бир тууган сиңдиси экенин жакшы билет. Учурунда «Туңгуч» театрында эмгектенген айым учурда турмуш-шартка байланыштуу сахнага көп чыкпайт. Ушундай эле ысым менен эл оозуна алынган ырчы Венера Назаралиева. Анын аткаруусундагы «Суранам», «Сүйүүңдү уурдап кетем» аттуу чыгармалары  Эмгек сиңирген артист Бек Борбиевге таандык экенин айта кетпесек болбойт. 

«Достор» тобунун солисткасы Гүлзат Байзакова «Укчу эркем», «Дил кайрыкты» ийине жеткире ырдаган. Ырчынын атына окшош маркум Гүлзат Батырканова учурунда «Өзүңө гана», «Торгоюм» аттуу чыгармалары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Дагы бир Гүлзат Мамытбек аттуу өзүн «кыргыздын деми» атаган айым акыркы кездерде өзүн сахнада сынап жүрөт. Анын «Кыз бурак», «Кыргызым менин» аталышындагы ырлары көптөгөн күйөрмандарды топтой алды. 

Эмгек сиңирген артист, кыргыздардын примадоннасы аталган Гүлнур Сатылганованын катышуусу жок бир дагы мамлекеттик ири иш-чаралар өтпөйт десек жаңылышпайбыз. Анын аткаруусундагы «Асман», «Жолукпай калсам эгер», «Нандын жыты» аттуу чыгармалары эл оозунан түшпөй келет. Ысымдаш Гүлнур Асанованы салттуу музыканын алып жүрүүчүсү катары таанышат. Анын «Арман», «Шашпа шашпа», «Унутпадым» жана башка чыгармалары таанымал. 

Эмгек сиңирген артист Динара Акулова кезинде ырчы Абдымалик Шерматов менен кош жылдыз деп таанылышкан. Азыр дагы ырчынын аткаруусундагы ырлар өз ордун жоготпой келет. Талант ээсине аты окшош Динара Тилекеева «Өмүр», «Купуя сыр» аттуу чыгармалардын аткаруучусу. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

«Сагындым», «Ак кар», «Алдейлеп» сыяктуу чыгармалардын аткаруучусу, Лейлектин эрке келини, ырчы Жылдыз Тутуеваны көпчүлүк жакшы билет. Бул ырчыга ысымы окшош Жылдыз Осмоналиева, Жылдыз Сегизбаева аттуу ырчылар бар. Жылдыз Осмоналиева Орусияда эмгектенип жүрсө, Жылдыз Сегизбаеваны тасма айдыңынан көрө алдык. Ал режиссер Темир Бирназаровдун «Белгисиз маршрут» тасмасында жеңил ойлуу кыздын ролун жараткан.

Эстрада чөйрөсүндө ырдап жүргөн Замир аттуу ырчылар бар. Алар Замир Арыкбаев, Замир Мырза жана Замир Сооронбаев. Замир Мырза менен Замир Сооронбаевди тасма айдыңында да кезиктирүүгө болот.

2000-жылдан кийин атагы чыгып, айрыкча жаш кыздардын сүймөнчүлүгүнө айланган, ысымдары окшош ырчылар Ильяз Андаш, Ильяз Абдыразаков жана Ильяз Кудретов бар.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Кыргызстандын Эл артисти, композитор Каныкей Эралиеваны улуу муундагылар азыркыга чейин аздектеп угушат. Анын аткаруусундагы «Бала жыты», «Ырдалып бүтпөйт махабат» ырларына жаш ырчылар экинчи өмүр берип, учурдун хити болууда. Ысымдаш Каныкей Раймалиева «Бешик ыры», «Махабат дастанын» аткарып жүрөт. «Жүрөк сыздайт», «Неге сен», «Кара чаң» аттуу ырлардын аткаруучусу, эпатаждуу ырчы Каныкей үй-бүлөсү менен алек. Учурда ал 2 баланы тарбиялоодо. 

Эмгек сиңирген артист Кайрат Пиримбердиевдин атагы орустардын «Голос» берүүсүнө катышкандан кийин ого бетер артты десек болот. Анын «Айылга кат», «Көк Бөрү» жана башка ырларын улуу-кичүү дебей баары тындайт. Анын ысымдашы Кайрат Салмакеев (Кыргыз) дагы көпчүлүктүн көнүлүн өзүнө буруп, эпатаждуу ырчылардын катарын толуктайт. Ырчынын чач жасалгасы айрыкча жаш балдар арасында мода болуп, интернет жылдызына айланышканын айта кетпесек болбос. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Жаш болсо дагы Эмгек сиңирген артист наамын алган ырчылардын катарында Мирбек Атабеков бар. Анын ар бир чыгармасы мезгилдин хити болуп, ар дайым көңүл чордонунда болуп келет. Мырзанын ысымына окшош дагы бир ырчы Мирбек Иманбеков жакында эле «Жаным» деген чыгармасын аткарып, элдин кызуу талкуусуна жем таштады. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

2010-жылдары ар бир той «Кызыл өрүксүз» өтпөй калган. Ал тургай коңшу казакстандыктар дагы бул чыгарманы өз тилине которуп, ырдын атагы алыска кеткен. «Кызыл өрүктүн» аткаруучусу, сакадай бою сары алтын Мирлан Баеков андан кийин дагы бир канча хит чыгармаларды жаратты. Анын ысымына окшош Мирлан Жетигенов ырдап гана чектелбестен тамадалык милдетти аткарып жүрөт. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

«Айланайын» деген ыры менен таанымал Нурзат Садыкова акыркы кезде сахнадан четтеп кетти. Анын мындай кадамга барышына дин жолуна түшкөндүгү себеп болгон. Ал эми Нурзат Айдаркулова ырчылык менен дастанчылык өнөрүн элге тартуулап жүрөт.

Алтымыш Кадыровдун уулу Талант Кадыров атасынын атын өчүрбөй «60 К» деген топту түзгөн. Анын «Дос» деген ыры күйөрмандар тарабынан жакшы кабыл алынган. Акыркы кезде ырчы жигит Айя Садырова менен дуэт жаздырып, клип тарттырып жүрөт. Дагы бир ысымы окшош Талант Сыдыков «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгектенип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар