23:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аксы районунда жүргөн сел турак үйлөрдү каптады

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда жүргөн сел турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн огороддорун каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Мындан сырткары Райкомол—Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол—Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.



Эң көп окулган жаңылыктар