2-3-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар, тоо этектеринде катуу жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Бүгүн, 2-май күнү Чүй, Талас көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.