12:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Митингчилерге каршы колдонуучу курал боюнча маалыматты өкмөт четке кагат

Өкмөттүн «КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун митингдерге тиешеси жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев митингтерде желим окторду колдонууга уруксат бергени тууралуу маалымат таркатылууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы, бул билдирүүлөрдү четке кагат. Алардын айтымында, 29-мартта алынган токтом айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

«Ага ылайык аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси жана аларды сактоо тартиби КР өкмөтүнүн чечими менен бекитилет. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү маанилүү нерсе, атайын каражаттарды колдонуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан эмес, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн тармактык мыйзамдары менен аныкталат», — дейт өкмөт.

Баса белгилей кетсек, күч түзүмдөрүнүн бардык тармактык мыйзамдарында тынчтык митингдеринин жана жыйындарынын катышуучуларына карата атайын каражаттарды колдонуу каралган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби