Ош шаарында Мамыров менен Э.Алиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшүп, 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, кырсыктаган эки унаанын бирөөсү аңтарылып калган.
«Унаадагы 4 жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жеткирилди. Кырсыктан жабыркаган адамдардын абалы жакшы», -деп билдиришти башкармалыктан.
Окуя бүгүн катталган.