Талас облусуна караштуу Манас районунда кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 28 тонна күйүүчү-майлоочу май табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, чек арачылар Казакстандан келе жаткан «DAF-95 XF 430» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан. Жүктүн документтеринде бензанол деп жазылганы менен унаада 28 тонна бензин алынып келе жатканы аныкталды.
Окуяга шектүү катары Кыргызстандын 1978-жылы туулган жараны Э.Ш. кармалып, мунайзат менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.