11:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ӨКМ: Тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн

26-27-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде −1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

«Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак тилкеси) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот», -деп билдирди министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар