22:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Салттуу музыка жумалыгы». Аянтта чоң көргөзмө-жармаңке өтүп жатат

Бүгүн Бишкектин «Ала-Тоо» борбордук аянтында «Салттуу музыка жумалыгынын» жабылыш аземи өтөт. Анын алкагында аянтта чоң көргөзмө-жармаңке өтүп жатат.

Кыргыздын улуттук буюмдары, кийим-кечектери жана аспаптары элдин сынына коюлду.

Кечки саат 5 жарымда белгилүү өнөр адамдарынын катышуусунда гала-концерт уюштурулат.

Эске салсак, аталган иш-чара 20-апрелде башталган. Анда «Дастан күнү», «Күү күнү» белгиленип, салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, төкмө акындардын гала-концерттери уюштурулду. Жумалык быйыл он бешинчи жолу өткөрүлүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар