05:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Пекинге учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак — бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү — 2019 көргөзмөсүнө» катышуу үчүн Пекинге учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди. 

Сооронбай Жээнбеков Кытайда өлкөнүн төрагасы Си Цзиньпин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан тышкары, ал эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге «Достук оазиси» гүл бакчасында дарак отургузат.

Президент менен бирге тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков,  президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, 
Экономика министри Олег Панкратов, Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов сапарга чыкты. 

Эң көп окулган жаңылыктар