20:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президенттик жыйын. Уктап жаткан губернаторлорду кызматтан алуу талап кылынды

«Президент жыйында сөз сүйлөп жатса, эки губернатор уктап жатат. Аларды тезинин кызматтан алыңыз», -деди депутат Алтынбек Сулайманов өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн былтыркы жылдын аткарылган иштери боюнча отчетун угуп жатат.

«Губернаторлордун кереги жок экени түшүнүктүү го, ал эми акимдерди акырындык менен бириктирип, кеңейтүү керек. Административдик-аймактык реформа боюнча кандай иштер жүруп жатканын айтып бериңизчи? Сиз өзүңүз үчүн эмне деп чечтиңиз?», - деп суроо салды депутат.

Өкмөт башчынын айтымында, учурда аталган маселе боюнча атайын комиссия иш алып барууда.

«Административдик-аймактык курулуш маселелерин Жогорку Кеңеш гана чече алат, ушуну эске алыңыз», -деди депутат.

Эске салсак, Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумунда бир катар аткаминерлер уктап олтурган сүрөтү жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар