Бүгүн Бишкектин кээ бир аймагында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 09:00-18:00 — Алтын-Ордо конушу, Полиция шаарчасы;
- 09:00-17:00 — Гоголь көчөсүндөгү № 24 үй;
- 13:00-18:00 — «Учкун» кичи районундагы № 15, 16, 19, 20-23, 24А, 24Б үйлөрү;
- 09:00-19:00 — Эне-Сай конушу;
- 09:00-19:00 — Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (түштүк тарабы);
- 09:00-15:00 — Орозбеков/Боталиев көчөлөрү;
- 09:30-18:00 — Логвиненко, Лев Толстой, Исанов, Линейный, Чуйков көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 09:30-18:00 — Бурулдай, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Талды-Суу көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 09:30-18:00 — Муромск, Репин, Дагестан, Хоперская, Гагарин, Садырбаев, Купянский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Драгобычский туюк көчөсү;
- 09:30-17:00 — Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү.