21:08
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон 28 кыргызстандыкты экстрадициялады

Жыл башынан бери Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон 28 кыргызстандыкты экстрадициялады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эл аралык укуктук байланыш башкармалыгынын башкы прокурору Төлөгөн Мамыркалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, чет жерде жалпы 1 миң 782 кыргызстандык жаран жаза өтөөдө.

2018-жылы Башкы прокуратура чет жердеги түрмөлөрдө жаза өтөп жаткан 124 кыргызстандыкты экстрадициялоо тууралуу чечим кабыл алган. Жаза өтөп жаткан кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстандын абактарында отурат. Алар каракчылык менен кол салуу, зордуктоо, уурдоо, адам өлтүрүү, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү айыбы менен кармалышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар