Адам өмүрүнө кол салууга шектелген жаран Казакстандан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык ушул жылдын 26-августунда Баткен облусунда болгон.
«Жабырлануучу башынан оор жаракат алган. Кылмышка шектүү делип 21 жаштагы К.А. издөөгө алынган. Шектүү Казакстанда жашырынып жүргөн жеринен кармалды», -деп айтылат маалыматта.
Соттун чечими менен кылмышка шектүү Оштогу № 5 тергөө абагында 2 айга камалды.