03:39
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Кыргызстана орточо эмгек акы 4,6 пайызга өстү

2019-жылдын эки айында орточо эмки акы 15 миң 226 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Статком бул өлчөм Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсу менен 218,1 доллар экенин белгилейт.

2019-жылдын январь-февралында финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштеген орточо 33 миң 291 сом, маалымат жана байланыш жаатындагы кызматкерлер орточо 30 миң 795 сом, пайдалуу кендерди казуу −28 миң 982 сом, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо — 26 миң 691 сом, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо — 21 миң 227 сом жана кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик чөйрөсү — 19 миң 73 сом алышты.

Эң төмөн акы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында (8 миң 634 сом, айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулук (10 миң 58 сом) саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (10 миң 191 сом) жана билим берүү чөйрөлөрүнүн (10 миң 612 сом ) болду.

Эң көп окулган жаңылыктар