Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирет.
Мамлекет башчысы Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлады, анын машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы ыйгарылды.
Жолугушууда Валентина Шевченконун апасы — Елена Шевченко дагы болду.
«Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин спорттук ийгиликтериңерге тынымсыз байкоо салып, жалындуу күйөрман болушууда. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдарыңар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу. Мунун артында көп жылдык эмгек турат. Алдыга коюлган милдетти аткардыңар, Кыргызстаныбыздын намысын коргодуңар. Келечекте мындан да чоң ийиликтерге жетишип, бүт дүйнөгө спорттогу эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүз деген ишенимдебиз!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мекенге, өзгөчө Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сүйүүсү дайым анын жүрөгүндө орун алганын баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жыл сайын Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келүүгө чакырды.