«Мындай «короздонуунун» эч кимге кереги жок деп ойлойм. Сиздерде бүгүн Атамбаевсиз съезд өтүп жатат, ал жактан эле өз билдирүүңүздү айтсаңыз деле болмок», -деди депутат Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбековдун КСДПдан расмий түрдө чыкканына жооп кылып.
Ирина Карамушкинанын айтымында, бүгүнкү күндө башкы жана актуалдуу маселе бул чек ара коопсуздугу. Жарандар аны чечүүнү талап кылышууда.
Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин маалында баары кол кысышып, үн катпай жылмайып, ал кеткенден кийин гана баш көтөрүп жаткандар тууралуу айтып жатканда, төрага Дастан Жумабеков микрофонду өчүрүп койду. Ал темадан алыс чыкпоону эскертти.

