05:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Базар-Коргондогу ооруканага ууланган 2 бейтап келип түштү

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу жана жугуштуу оорулар бөлүмүнө ботулизм дарты менен 2 бейтап келип түштү. Бул тууралуу ооруканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ болгон.

«Ооруканага Кызыл-Ай айылынын 1991-жылкы жана 1995-жылы туулган тургундар келип түштү. Алар үй шартында консерваланган салат, туздалган бадыраң жешкен. Андан кийин өздөрүн жаман сезип, ооруканага түшкөн. Аларга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Учурда алардын абалы орто оор», — деп билдиришти ооруканадан.

Эң көп окулган жаңылыктар