16:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ӨКМ: Көк-Арт дарыясынын жээги бекемделип жатат

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында Көк-Арт дарыясынын жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Ынтымак айылындагы Благовещенка көпүрөсүнүн асты жагын суу жеп, коргоочу тосмолор бузула баштаган. Суу боюндагы калктуу конуштарга, айыл чарба жерлерине, социалдык объектилерге коркунуч келтирүүдө.

Буга байланыштуу акимчилик 4-мартта өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялаган. Жерине ӨКМден 1 жүктөгүч жана 4 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында 25-март күнү дарыядагы суунун жээгин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жумушчулар тарабынан чоң таштардын арасына майда таштарды салуу жумушу аткарылды. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 175 каттам таш, 8 каттам майда таштар ташылып, тосмонун 170 метр аралыгы бекемделген.

Жээкти бекемдөө иштери бүгүн да улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума